Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы архитектору Наманган облусуна иш сапары менен барды.

Ош шаарынын башкы архитектору Наманган облусуна иш сапары менен барды.

Ош шаарынын башкы архитектору Азамат Каныбек уулу башкармалыктын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте дем алыш күндөрү Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна жумуш сапары менен барды.
Жумуш сапардын негизги максаты кошуна өлкөлөрдөгү жүрүп жаткан курулуштарды жеринде көрүп, артыкчылык тараптарын талдоо жана архитектура кызматынын жүргүзүп жаткан иштери менен тажрыйба алмашуу болду.
Сапар алкагында, Наманган облусунун башкы архитектору  Косимов Элёр пландалган курулуштардын долбоорлору менен тааныштырып, жүрүп жаткан курулуштарды жеринде көргөзүп чыкты.
Белгилеп айтсак, шаар четине жаңы көп кабаттуу турак жайдан турган шаарчаларды куруу иштери учурда абдан кызуу жүрүп жатыптыр.
Аны менен бирге шаардагы эски турак үйлөрдү бузуп, жолдорду кеңейтүү менен заманбап объектилерди куруу багытта дагы бир топ иштер жасалыптыр.
Андан сырткары, эс алуучу жайлар боюнча кичи архитектуралык формалар, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жаатында иштер, учурдун көйгөйү болуп жаткан автоуна токтоочу жайлар үчүн көп кабаттуу орун жайларды куруу боюнча долбоорлор иштелиптир.
Жыйынтыгында, башкы архитекторлор мындан ары дагы эки тараптуу иш тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
https://www.facebook.com/100038319571187/videos/pcb.1055122922441684/406078011814753?__cft__[0]=AZVq0kA0M7L1KZfdYGoBxOUikvNNlI7PPpHfT-BGBOi_bDfl8xL37tq0p8vPQucqu7evDoNsQASELX-LcSSahZSneajHUMRTvuxKX9ANaOIX-1CQukBgOIfra9uh4nHVZpxNApeUUGZEiZvdObL-Xm4vQszK0McNFtHlliIBtldUtJEI2fIXZ_kgfCr3czI7tic&__tn__=*bH-R
                  























22-01-2024, 08:52
202 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.