Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарында жөө жүрүүчүчү жолдорду иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Ош шаарында жөө жүрүүчүчү жолдорду иретке келтирүү иштери жүрүүдө

        Ош шаарынын мэри А.Мамбетов шаар тургундары менен өткөргөн жолугушууларында, жөө адамадар жүрүүчү жолдорду (тротуар) ачуу жана жол боюндагы иретсиз объектилерди иретке келтирүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.
        Шаар тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча жергиликтүү бийлик дагы бул жылы жөө адамадар жүрүүчү жолдорду оңдоп-түзөө жана иретсиз курулуштарты иретке келтирүү боюнча иш пландары бар экенин билдирип, алдыда алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлөрү айтылган.
         Жогоруда айтылган иш пландардын алкагында, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын тиешелүү адистери жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (УМС),  муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) кызматкерлери менен биргеликте Төлөнов көчөсүндөгү жөө адамдар жүрүүчү жолдогу өз билемдик менен курулган курулуштар, иретсиз орнотмолор жана башка жарандарга тоскоолдук жараткан көйгөйлөр боюнча жеринде иш алып барышты.
         Жеринде белгилүү болгон көйгөйлөрдү, объект ээлерине түшүндүрүү менен эскертүүлөр берилди. Кээ бир жарандар кемчилдиктерди айтар замат жоюп, өз эрктери менен аткарышты. 
          Ал эми кээ бир жарандар тил кат жазып, жакынкы күндөрү өз билемдик менен орнотулган орнотмолорду алып салууга кепилдик беришти.
          Андан сырткары дагы бир жагымсыз көрүнүшкө күбө болдук. Айтып кетсек, жол боюндагы арыкка жергиликтүү жарандар түтүкчөлөрдү чыгарып, өз үйлөрүнөн чыккан саркынды сууларды агызарын көрдүк. Айтылган терс көрүнүштү болтурбоо боюнча дагы, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 
          Архитектура башкармалыгы жогоруда айтылгандай эле тиешелүү кызматтар менен биргеликте шаарыбыздын башка аймактарында дагы ушу сыяктуу маселелер боюнча жеринде иш алып барууну улантат.
27-02-2022, 10:45
264 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.