Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы архитекторунун жаңы жылдык куттуктоосу!

Ош шаарынын башкы архитекторунун жаңы жылдык куттуктоосу!

Урматтуу мекендештер!
Мына ушинтип 2023-жыл соңуна чыгып, босогодо жаңы 2024-жыл өз кадамын таштаганы турат.
Сапарын карытып бараткан жыл өлкөбүз үчүн тынчтыктын, туруктуулуктун жана жетишкендиктердин жылы болду десек туура болот.
Жаңырып келе жаткан жылы, эски жылдарда баштаган иштерибизди улантып жана жаңы жылга эл үчүн жакшы иштерди аткарабыз деген аруу тилекте турабыз!
Жаңырган жыл жалпыбыз үчүн жаңы жетишкендиктердин, ынтымактын, тынчтыктын жылы болуп, элибиз аманчылыкта бакубат турмуш кечирсин!
Ар бир үй-бүлөөнүн алдыга койгон ой-максаттары орундалып, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар жана ийгиликтер менен коштолушуна тилектешмин!
Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
Терең урматтоо менен,
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы 
Каныбек уулу Азамат.
31-12-2023, 13:10
251 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.