Архитектура Ош » Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы туралуу маалымат.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы туралуу маалымат.

 
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы мамлекеттик башкаруу системасындагы Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу тармагы боюнча иш алып бара турган ишкана болуп эсептелинет.

Азыркы мезгилде Мамкурулуш агенттигинин 2017-жылдын 27-январындагы №50 буйругу  менен бекитилген Жобого ылайык милдеттерибиз бекитилген. Башкармалыктын тузумуно ылайык 10 бөлүм, 2 сектор жумуш алып барат. Башчы менен катар 2 орун басар жоопкерчиликти жетектеп келүүдө. Жалпы жамаатта 84 адам иштейт, анын ичинен 71 адам штаттык ырааттама ал эми 13 адам эмгек келишиминин негизинде иштейт.

Башкармалык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча Мамлекеттик агенттигинин 2004-жылдын 6-февралындагы №39 жана 2004-жылдын 25-августундагы №107 буйруктарынын негизинде чарбалык ыкма менен иш алып барат. 

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жарандардын кайрылуулары менен иш алып барууну жакшыртуу» жөнүндөгү Указынын жана башкармалыктын өздүк документтер менен иштөө тартибине ылайык иш жүргүзүлөт.
 
 
28-02-2016, 17:19
9 527 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.