Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Башкармалыктын 2021-жыл ичиндеги иш аракети боюнча Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен жалпы жыйын болду.

Башкармалыктын 2021-жыл ичиндеги иш аракети боюнча Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен жалпы жыйын болду.

       Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов  мэриянын курулуш тармагы боюнча тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жыл ичинде жасалган 1 жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматын укту.
       Башкармалыктын башчысы А.Токошев 1 жыл ичинде жасалган иштер боюнча маалымат берди.
       Ош шаары республикада экинчи чоң шаар болгондуктан, шаарда ар тараптан өсүп-өнүгү болуп жаткандыгы баарыбызга маалым. 
Аны менен бирге, курулуш чөйрөсүндө дагы алгылыктуу иш аракеттер кызуу жүрүп жатат.           
       Иш бар жерде жетишкендиктер жана кемчилдиктер дагы болбой койбойт экен.
Вице-мэр, Архитектура башкармалыгы тарабынан жасалган иш-аракеттерге кеңири токтолуп, жыл ичиндеги жасалган бир канча долбоорлорду эске алып ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын канаттандыраарлык деп баалады.
        Андан сырткары курулуш чөйрөсүндөгү көйгөйлөр менен кемчилдиктерди жоюунун үстүндө иштеп, шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2022-жылы шаарда  жасала турган жумуштар көп экендигин белгилеп, ар бир кызматкер талыкпай эмгектенип, берилүү менен жумуш алып баруусун билдирди.

17-01-2022, 11:04
225 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.