Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Мамкурулуштун директору Ош жергесине жумушчу сапары менен келди

Мамкурулуштун директору Ош жергесине жумушчу сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш  жана турак
жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору (мындар ары – Мамкурулуш) Нурдан Кемелович Орунтаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Джантаев жана Ош шаарынын мэри Б. Жетигенов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда,  Ош облусунда, шаарында жана райондордогу шаарларда инфраструктуранын жакшырышында Мамкурулуш агентигинин орду чоң экендигин жана алдыда жасала турчу жумуштар боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Кыскача токтолсок:
- Администрациялык територия реформаны (АТР) жыйынтыктоо;
- Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун (ПДП) бекитүү;
- Шаар жана райондордогу курулуп жаткан социалдык ж.б. багыттагы курулуштардын сапатын дыкат көзөмөлдөө, өз убагында пайдаланууга берүү;
- Өз билемдик менен курулган курулуштар боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүү жана алдын алуу ж.б.у.с. бир топ маселер талкууланды.
Мамкурулуштун директору аймактык жергиликтүү бийликтер менен мындан ары дагы жакындан тыгыз байланышып, иш алып бараарын белгиледи.
Андан соң, Ош шаарынын аймагындагы 3 даректеги объекттер боюнча директор Н. К. Орунтаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүү менен биргеликте жеринде барып, ар бир объектте  жаралган маселе жагдайларын жакындан көрүп чыкты.
Объект ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким болбосун ар бир курулушту куруу же имаратты пайдалануу мыйзам талаасында болуусун баса белгиледи.
Эгерде, мыйзамдан четтеп же жергиликтүү бийликтин мыйзамда белгиленген талап шарттарына ылайык келбесе тийиштүү иш-чаралар ыкчам түрдө жүргүзүүлөрүн билдирди.
Мамкурулуштун директору агенттиктин алдындагы аймактык башкармалыктардын башчыларына өз милдеттерине ылайык, жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди.
28-11-2023, 14:41
220 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.