Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Мамкурулуш агентигинин атайын өкүлү М.Амираев Ош шаарына келип, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы аймактык архитектура башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү

Мамкурулуш агентигинин атайын өкүлү М.Амираев Ош шаарына келип, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы аймактык архитектура башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы – М.Амираев Ош шаарына келип, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы аймактык архитектура башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.
Жыйында, инженердик тармактардын (РЭС, водоканал, горгаз, ГТС, ТЭЦ ж.б.) ачык-айкындылыгын камтыган “Интерактивная карта” боюнча маселе коюлуп, буга чейин берилген тапшырмалардын жыйынтыктары угулду. Угулган жыйынтыктан соң, баардык жетекчилерге инженердик кызматтар менен биргеликте тыгыз иштешип “Интерактивная карта” боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруулары айтылды.
Ал эми, шаар-аймактардагы архитектура башкармалыктарында жарандарга кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” принцибин толук шарт менен кемчилдиксиз  иштетүү тапшырмасы берилди.
Ага улай, иш кагаздарды жүгүртүүдө СЭД, Е-Кызмат программаларынын иштеши боюнча көзөмөлдү күчөтүп ар бир кайрылууларга өз убагында жооп берип, белгиленген тартип менен ыкчам сапаттуу иш алып баруу жана баардык башкармалыкта интернет желеси үзгүлтүксүз иштеп туруусу эскертилди.
Андан сырткары, учурдун көйгөйү болуп турган  COVID-19 илдетинин тийгизген кесепетине жоопкерчилик менен карап, баардык коюлган эрежелерди толук сактоо талабы коюлду.

16-06-2021, 12:32
213 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.