Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Араван районуна жаңы архитектор дайындалды

Араван районуна жаңы архитектор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кадрдык реформаны жүргүзүү иш аракетинин алкагында Ош облусуна караштуу Араван районунун Архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындады.
Жаңы дайындалган жетекчини райондун акими С.Кулубаевге жана райондук архитектура башкармалыгын эмгек жамаатына Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Азамат тааныштырды.
Жаңы дайындалган жетекчи Аматов Эркебай Айдарбековичке Мамлекеттик курулуш агенттиги райондун курулуш чөйрөсүн ирээтке келтирүү, аймактын инфраструктурасынын жакшырышына изденүү менен талыкпай кызмат кылуу ишенимин тапшырды.
Аны менен бирге, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким С.Кулубаев жаңы дайындалган жетекчи райондун эли үчүн жакшы иштеп берээрине үмүт артып, иштерине ийгилик каалады.

30-11-2023, 14:33
472 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.