Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Деталдык пландоо долбоорун бекитүү иштерин тездетүү тапшырмасы берилди

Деталдык пландоо долбоорун бекитүү иштерин тездетүү тапшырмасы берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.Молдомырзаев Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун (ПДП) бекитүү боюнча иш чараларды кечиктирбей тездетүү үчүн Ош шаарынын башкы архитектору Каныбек уулу Азаматка жана долбоорду (ПДП) иштеп чыккан Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна тиешелүү тапшырмаларды берди.
 
Эске салсак, Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында коомдук угууга 3-ирет коюлуп, шаар тургундары менен таныштырылган.
 
Шаар тургундары акыркы ирет оңдоп-түзөө жана толуктоолордон өткөн деталдык пландоо долбооруна жалпысынан канаттангандарын билдиришкен.
 
 
Жыйынтыганда коомдун талкулоосунан бир канча ирет өткөн деталдык пландоо долбоорун андан ары жактыруу жана бекитүү үчүн Ош шаардык кеңешине тиешелүү материалдарды жөнөтүү чечими кабыл алынган.

17-11-2023, 14:50
260 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.