Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Токошев Ош шаарындагы жол тыгындарды чечүү үчүн даярдалган сунуш-долбоорлорду Министрлер Кабинетинин Төрагасына тааныштырды.
Тактап айтсак, автоунаа тыгындарынын көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү "Т" түрдүү жол долбоору жеринде көргөзүлдү. 
Акылбек Жапаров билдиргендей, сунушталган долбоор ишке ашырыла баштаган учурда автоунаалардын саны бир топ жогору болоорун эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. 
Белгилесек, сунушталган долбоорлор Ош шаарын өнүктүрүү боюнча долбоор алкагында иштелип чыккан.
Министрлер Кабинетинин башчысы долбоорлорду бекитүүдө так эсептерди жүргүзүү зарылдыгын баса белгилеп, Министрлер Кабинети аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.
21-12-2021, 11:26
218 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.