Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарында "YugStroy 2021" V Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү болуп өттү

Ош шаарында "YugStroy 2021" V Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү болуп өттү

2021-жылдын 2-ноябрында Ош шаарында YugStroy 2021 курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук боюнча V Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү болду.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Токошев Мамкурулуштун атайын өкүлү катары катышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги да Көргөзмөгө расмий колдоо көрсөттү.
Бул жылы биргелешкен көргөзмө экспозициясына 7 өлкөдөн 30 дан ашуун компаниялары  катышты: Беларусь, Германия, Казахстан, Кыргызстан, Орусия, Түркия, Түштүк Корея.
Көргөзмөнүн катышуучуларынын географиясы ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу менен толукталды.
Белгилей кетүүчү нерсе, адистештирилген көргөзмөнүн уникалдуулугу - бул курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук тармагындагы адистерди, мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн олуттуу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бириктирүүгө, ошондой эле жарыяланган тармактардын сапаты жана эффективдүү иштеши, тажрыйба алмашуу, акыркы ички жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. 
Ошондой эле, экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүчү бизнес келишимдерди түзүүгө, контракттарга кол коюуга, пикир алмашууга жана жаңы технологияларга жана тармактын адистери менен учурдагы темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет.
Көргөзмөгө, Мамкурулушунун түштүк ведомстволук жана аймактык уюмдарынын адистери катышып, ошондой эле курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук жаатындагы адистештирилген адистер, курулуш компанияларынын кызматкерлери, борбордун жарандары жана коноктору, өлкөнүн түштүк региондорунун курулуш тармагындагы ар кандай профилдеги адистер катышты.
3-11-2021, 12:14
267 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.