Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошовдун Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу.

Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошовдун Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Кадырлуу мекендештерим!
Сиздерди үч кылымдан ашуун тарыхы бар касиеттүү Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мен Кыргызстанда анын ичиндеги жайгашкан Ош шаарында жашаганыма сыймыктанам жана кубанам. Кезинде Улуу Жибек жолундагы ири борборлордон бир болгон Ош шаарынан  Жер ортолук деӊиз менен Жакынкы Чыгыш, Тибет, Кытай жана Индия менен байланышуу жүрүп тургандыгын тарыхчылар терең иликтешкен. Фергана өрөөнүндө өзгөчө мааниге ээ болгон шаар быйыл 2016 жылдыгын белгилеп жатат. Бул ашуулардагы жылдар ары сыймыктуу жана татаал.  
Ош шаарынын башкы архитектору  Ажимурат Жолдошовдун  Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу.
Байыртан бери өз калыбын сактап келген Сулайман-Тоо, Ак-Буура дайрасы  Оштун жүзү жана сыймыктуу жери.  Бул балуулуктар эл жүрөгүндө. Учурда Кыргызстандын түштүк борбору өнүгүү жолунда. Жаңы курулуштар, жолдор, көпүрөлөр, кабат үйлөр менен социалдык мекемелер салынып, тургундар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат. 
Кадырман ордолуу Оштун тургундары!
Бул  майрамда  Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын жана  жеке өзүмдүн атымдан майрамыңыздар менен чын жүрөктөн кызуу куттуктаймын!
Сиздерге чың ден-соолук, бак-таалай жана  ынтымак каалайм. Байыркы сыймыктуу шаарыбыз мындан ары  дагы гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!

5-10-2016, 18:24
1 880 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.