23-февраль.

Ош шаарынын Башкы архитектору Ажимурат Жолдошов 23-Февраль  Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

 
23-февраль.
Кымбаттуу мекен коргоочулары!
Кадырман мекендештер!
Сиздерди мекен коргоочуларынын күнү - эрдиктин, каармандыктын жана ар-намыстын майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам мекенге берилип кызмат кылуунун символу катары көпчүлүккө белгилүү болуп калды. 
Мекенге кызмат кылуу байыртан эле баркталып, бааланып келген. Аскердик адистиктин негизги мааниси – бул Ата Мекенибизди сүйүү. Андыктан Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөө – бул чоң сыймык. 
Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жандили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!
Бул күн туулган жерге болгон сүйүүнүн жана ыйык милдет - Мекенди коргоонун жаркын майрамы болуп кала беришине тилектешмин!
23-02-2017, 07:30
3 422 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.