Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ажимурат Жолдошов 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Ажимурат Жолдошов 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы  Ажимурат  Жолдошов   8-март аялдардын эл аралык күнү  менен куттуктады.

Ажимурат  Жолдошов   8-март аялдардын эл аралык күнү  менен куттуктады.

 Урматтуу айымдар, апалар, эжелер, карындаштар!


Сиздерди 8-март жаз майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергебизге жаздын келиши Сиздердин майрам менен башталат. Жаз мезгили да Аялзатынын өзүнө окшош. Анын мээрими менен жер энебиз жибип, жаратылышка жан кирет.  Айымдар дүйнөдө теңдешсиз асыл зат. Аялзатынын акылмандыгы, улуулугу, сулуулугу, асылдыгы, назиктиги – баарыбыздын көркүбүз жана сыймыгыбыз!  

"Эне – өмүр башаты, бала – өмүр жалгоосу”- деп беркеринен айтпаса керек. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле Энелерге өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасап, мээримин төгүп келген. Кыргыз калкы абалтадан эле энесин урматтап, кызын сыйлап келген журт.  Анын дал ушундай касиети улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп келе жатканынын бирден бир өбөлгөсү.

Үйдүн куту, үй-бүлөнүн бактысы болгон энелердин коомдогу орду да чоң. Кымбатуу айымдар! Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш, аялдык бакыт, жаздай сулуулук каалайм!  Ар дайым үй-бүлөөңүздөрдө токчулук, ынтымактуулук каалоо менен бирге өлкөбүзгө тынчтык тилейм!
Ажимурат  Жолдошов   8-март аялдардын эл аралык күнү  менен куттуктады.
7-03-2017, 19:29
11 050 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.