Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы архитектору Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Ош шаарынын башкы архитектору Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Жолдошов Ажимурат Кубатбековичтин  куттуктоосунда  төмөнкү сөздөр  айтылат:

 

Ош шаарынын башкы архитектору Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык майрамы эсептелген Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Орозо кармаган бардык мусулмандарга орозоңуздар кабыл болсун деп айтамын.
Бул ай орозо туткандар үчүн чоң сыноонун айы болду. Адал эмгекке, ак тилекке, аруулукка ыйык Рамазан айы элди асыл сапатка бурду. Орозо-айт майрамынын бир өзгөчөлүгү адамдарды бири-бирине жакындатып, биримдикке өбөлгө түзөт. Ушул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык. Ак тилегин билдирип "айт-маарек" деп айтып келген ар бир кишиге арналып дасторкон жайылып турат. 
Кадырлуу мекендештер! 
Сиздерге тынчтык жана ынтымак- ырашкерлик каалаймын! Жараткан ар бир үйгө ачык асман, береке, жарык шоола, токчулук берсин! 
Айтыңыздар маарек болсун!

4-07-2016, 16:11
3 651 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.