Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Оштогу кадыр түн кечеси.

Оштогу кадыр түн кечеси.

Бул жылы Кадыр түн кечеси 1-июлдан 2-июлга караган түнгө белгиленди.

Оштогу кадыр түн кечеси.



Өлкө аймагындагы баардык мусулмандар белгилүү датаны кубаныч менен тосууда. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгын өздүк жааматы жана мейман болуп келген коноктор дасторкон үсүндө ооз ачып, кадыр түн шаанисин белгилешүүдө. 

Кадыр Түнү бул Рамазан айынын бир түнү. Адамдарга Туура Жол көрсөтүүгъ багытталып, жакшы ниет кылып, кудайга сыйынуу күнү.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Негизинен орозонун  27-түнү кадыр түн деп эсептелинет. Кадыр түнү уктабай Жаратканга ибадат кылып чыккан мусулманга 1000 айлык, башкача айтканда, 83 жыл 4 айлык ибадатка тете сооп берилет. Хадисте келет: "Ким ыйман жана сооп үмүт этүү менен Кадыр Түнүн намаз менен өткөрсө – буга чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет”
Бул түн – шамдан (күн баткандан) баштап, таң аткыча (багымдат башталгыча) болот.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы
башкармалыгы уюштурган кадыр түндө жарамазанчылар музыкалык аспаптары менен келип, кадимки каадасын улашты. 
Оштогу кадыр түн кечеси.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Учурда Кыргызстандагы
бардык мечиттерде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистерин дин таануучулар айтып
берип жатышат.  Ал арада Шаар куруу жана
архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгын айрым кызматкерлери мечитте
кадыр түн тосуну улантууда.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Оштогу кадыр түн кечеси.
Ал эми орозо айт майрамы 6-июлда, Курман айт болсо 12-сентябрда белгилене тургандыгын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлайт. 

2-07-2016, 01:24
1 575 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.