Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Спорт ден-соолук булагы.

Спорт ден-соолук булагы.

Ошто өткөн массалык чуркоодо Шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкери алдынкы орунду ээледи.

 

Спорт ден-соолук булагы.


Тарых жана маданият жылына карата жазгы массалык жеңил атлетика боюнча чуркоодо Актилек Мирзаев 3-орунду камсыз кылды. 25 жаштан 45 жашка чейинки мырзалар арасындагы спорт сүйүүчүлөр арасында өткөн мелдеш 500 метр аралыкта болгон. Мелдешти Ош шаардык мэрясына караган шаардык дене-тарбия жана спорт комитети уюштурган. Мырзалар жана айымдар арасындагы мелдеш 14 категорияга бөлүнгөн. Жаш өзгөчөлүккө карап уюштурулган мелдеш жылда салтка айланып өткөрүлөт.

Эске салсак, Актилек Мирзаев Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын пландоо жана долбоорлоо бөлүмүнүн адиси болуп эмгектенип келет. Актилектин бул жолку жеңиши биринчи эмес, ал буга чейин да бокс боюнча бир катар мелдештердин жеңүүчүсү катары белгилүү.

14-04-2016, 17:33
2 452 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.