Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) коомдук угууга коюлду

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) коомдук угууга коюлду

Бүгүн (26.10.2023), Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) коомдук угууга коюлуп, шаар тургундарына таныштырылды.

 Коомдук угууга шаар тургундары, долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик долбоорлоо институтунун өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын биринчи орун басары жана өкүлдөрү, Ош шаарынын башкы архитектору, көз карандысыз архитекторлор жана башка курулуш ишкерлери катышты.  

 Эске салсак, буга чейин  шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) жыл башында коомдук угууда каралып, шаар тургундары тарабынан бир топ сунуштар түшкөн.

 Түшкөн сунуштардын үстүнөн тиешелүү адистер белгиленген тартипте иштеп чыгып, долбоорду кайрадан коомдун кароосуна алып чыкты.

 Шаар тургундары акыркы иштелип чыккан долбоор менен жакындан таанышып, берилген сунуштар боюнча иш алып барылгандыгына күбө болушту.

 Аны менен бирге, шаар тургундары шаардын келечекте өсүп-өнүгүүсү, жолдору, курулуштары ж.б. бир топ суроолоруна тиешелүү кызматкерлер тарабынан тийиштүү жоопторун алышты.

 Деталдык пландоо долбоору боюнча кыскача маалымат:

 Иштелип чыккан деталдык пландоо долбоору Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн 3500 гектар аянтын камтыйт.  

Перспективада калктын саны – 360 800 адамга ылайыкташырылып эсептелген. 

3500 гектарды түзгөн борбордук бөлүктүн чек арасы төмөндөгү көчөлөр менен чектешет:

Көкүмбий, Батыш долбоорлонуучу көчө, Курманжан Датка, Касымбеков, И.Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу көчөлөр, Памир, “Ош-Пансионаты”, Увам каналы, Н.Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сүйүнбаев, №43 түштүк-батыш көчөсү, А.Мамыров, Б.Осмонов жана батыш долбоорлонуучу көчөлөрү. 

Ош шаарынын борбордук бөлүгү 7 турак жай аймактарга бөлүнгөн, алар: “С”, “СЗ”, “СВ”, “ЮЗ”, “В”, “Ю”, “З”.

26-10-2023, 18:07
473 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.