Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Деталдык пландоо долбоорун шаар тургундарына таныштыруу учуру

Деталдык пландоо долбоорун шаар тургундарына таныштыруу учуру

Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору 2 айлык мөөнөткө коомчулуктун кароосуна коюлган.
Коомчулук кароосуна коюлган деталдык пландоо долбоорун шаардын жай тургундары менен жакындан таныштырып, талкуулоо үчүн жер-жерлерде бекитилген графиктер боюнча жыйындар болуп өттү.
Шаар тургундары жер-жерлерде өткөн жыйындарга активдүү катышып, деталдык пландоо долбоорунда өздөрү жашаган аймактарда  кандай курулуштун түрлөрү каралганын жана шаардын келечекте өсүп-өнүгүүсү боюнча ар тараптуу суроолорду ортого салышты.
Өткөрүлгөн жыйындарга шаардык кеңештин депутаты, мэриянын жоопту кызматкерлери жана архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, эл тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жоопторун беришти. 
Архитектура башкармалыгы жыйындарга катышкан, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсүнө кайдыгер эмес караган жергиликтүү тургундарга терең ыраазычылык билдирет.
3-04-2023, 15:09
308 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.