Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы планы аныкталды.

Ош шаарынын башкы планы аныкталды.

Ош шаарынын 2015-2025 жылга карай башкы планы өкмөттүн токтому менен кабыл алынды.

 

Ош шаарынын башкы планы аныкталды.


Долбоордун презентациясы 18-май күнү  шаардык кеңештин депутатары, мекеме-иш каналардын жетекчилери алдында талкууга коюлуп, башкы планды тез арада ишке киргизуу, актуалдуулугу айтылды.

Ош шаарынын калкы бүгүнкү күндө расмий эмес маалыматтарга таянсак 500 миңден ашуун. Жер алууга расмий катталгандардын саны 25 миңди түзсө, турак жай алууга кезекте тургандардын саны 10 миңден ашат. Акыркы 1 жылдын ичинде шаардын калкы 100 миңге өскөн. Анын негизинде шаарда башаламандык жаралып, мыйзамсмыз курулуштар күн санап өсүп барат.

Ош шаары бүгүнкү күнгө чейин 1998-жылда түзүлгөн план менен иш алып барган. Башкы планды жаңылоо маселеси 2007 жылы түзүлүп, белгисиз жана белгилүү себептерден улам кабыл алынбай келген. 2014-2015- жылдары кайрадан жаңыланган перспективалык варианты иштелип чыгып, ушул жылдын 29 мартында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 106 токмому менен кабыл алынган.
 

Ош шаарынын башкы планы аныкталды.


Долбоор негизинен Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш турак жай коммуналдык чарба агенттиги тарабынан, шаардык мэриянын жана тийиштүү мекеме-жетекчилеринин катышуусунда түзүлгөн. Ага жергиликтуу бюджеттен 11 450 200 миң сом, өкмөткө караштуу турак жай коммуналдык чарбасы тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн. Учурда биринчи этабы толугу менен аягына чыгып, чек аралар такталып, өкмөттүн токтому кабыл алынды.
 

Ош шаарынын башкы планы аныкталды.


Ал эми экинчиси шаарды деталдык пландоо маселеси башталуунун алдында турат. Анда шаар ичиндеги жолдор, турак-жай көп кабаттуу үйлөр, базар жана мекеме ишканалардын жайгашуусу кайрадан каралып, жаңы карта түзүлүүсү күтүлөт.

24-06-2016, 18:52
4 804 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.