Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Өз билемдик менен жөө жүрүүчү жолдорго орнотулган обьектилер иретке келтирилүүдө

Өз билемдик менен жөө жүрүүчү жолдорго орнотулган обьектилер иретке келтирилүүдө

Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктары менен биргеликте Ош шаары менен чектеш аймактарда уруксатсыз өз билемдик менен жүргүзүлүп жаткан курулуштарды болтурбоо жана иретсиз орнотмолорду иретке келтирүү боюнча эки тараптуу макулдашылган иш графигин түзгөн.  
Түзүлгөн иш графикке ылайык, башкармалыктардын тиешелүү кызматкерлери Курманжан-Датка жана Мамыров көчөлөрүндөгү багыттар боюнча биргеликте жумуш алып барышты.
Жумуштун жүрүшүндө, жарандарга жөө адамдар жүрүүчү жолдордогу орнотмолорду алып салуу жана кандай курулуш обьектиси болбосун уруксат иш кагаздарды жок курулушту баштабоосу түшүндүрүү менен эскертилди.

4-06-2021, 12:43
244 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.