DataLife Engine > Жаңылыктар > Өз билемдик менен жөө жүрүүчү жолдорго орнотулган обьектилер иретке келтирилүүдө

Өз билемдик менен жөө жүрүүчү жолдорго орнотулган обьектилер иретке келтирилүүдө


4-06-2021, 12:43
Автор: beknazar06
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктары менен биргеликте Ош шаары менен чектеш аймактарда уруксатсыз өз билемдик менен жүргүзүлүп жаткан курулуштарды болтурбоо жана иретсиз орнотмолорду иретке келтирүү боюнча эки тараптуу макулдашылган иш графигин түзгөн.  
Түзүлгөн иш графикке ылайык, башкармалыктардын тиешелүү кызматкерлери Курманжан-Датка жана Мамыров көчөлөрүндөгү багыттар боюнча биргеликте жумуш алып барышты.
Жумуштун жүрүшүндө, жарандарга жөө адамдар жүрүүчү жолдордогу орнотмолорду алып салуу жана кандай курулуш обьектиси болбосун уруксат иш кагаздарды жок курулушту баштабоосу түшүндүрүү менен эскертилди.



Вернуться назад