Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы туралуу маалымат.
28-02-2016, 17:19
Автор: admin
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы мамлекеттик башкаруу системасындагы Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу тармагы боюнча иш алып бара турган ишкана болуп эсептелинет.
Азыркы мезгилде Мамкурулуш агенттигинин 2017-жылдын 27-январындагы №50 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык милдеттерибиз бекитилген. Башкармалыктын тузумуно ылайык 10 бөлүм, 2 сектор жумуш алып барат. Башчы менен катар 2 орун басар жоопкерчиликти жетектеп келүүдө. Жалпы жамаатта 84 адам иштейт, анын ичинен 71 адам штаттык ырааттама ал эми 13 адам эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Башкармалык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча Мамлекеттик агенттигинин 2004-жылдын 6-февралындагы №39 жана 2004-жылдын 25-августундагы №107 буйруктарынын негизинде чарбалык ыкма менен иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жарандардын кайрылуулары менен иш алып барууну жакшыртуу» жөнүндөгү Указынын жана башкармалыктын өздүк документтер менен иштөө тартибине ылайык иш жүргүзүлөт.
Вернуться назад