Куруучулар күнүнө карата Бишкекте өткөн иш-чарада Оштон жалгыз архитектор сыйлыкка ээ болду.
Ал Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын орун басары Маданов Асыран Турсунович. Жылына бир гана жолу берилүүчү сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мамбетов Турдубек Мамбетович тапшырды.
Асыран Маданов өзүнүн жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн урматталды.
Эске салсак, август айынын ар экинчи жумалыгы куруучулар майрамы белгиленет. Быйыл белгилүү датанын өткөрүлүп жатышына 61 жыл болду.