Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Башкармалыгынын башчысы А. Токошев Ош облусунун аймактык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү

Башкармалыгынын башчысы А. Токошев Ош облусунун аймактык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, (05.03.2021) Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А. Токошев Ош облусунун аймактык шааркурулушу жана архитектура боюнча  башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйында бир топ маселелер каралды.
1. Жыйында биринчи маселе болуп коррупциялык иш аракеттерди болтурбоо менен конкреттүү иш чараларды түзүп жана анын аткарылышын ар дайым көзөмөлгө алынуусу айтылды. Ар бир айда коррупцияга каршы чаралардын жүрүшү боюнча кызматкерлерге жыйындарды өткөрүп, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына маалымат берүү тапшырмасы берилди. 
Ал эми, Ош аймактык  шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарына кайрылган жарандарга кызматкерлердин сылык мамиле кылуусу, кайрылган маселелерине ыкчам жана конкреттүү жооп берип, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экендиги эскертилди.
2. Ош облусунунун калктуу конуштарында жайгашкан инженердик тармактардын кубаттуулуктарынын интерактивдүү карталарын түзүү жана аткарылып жаткан интерактивдүү карталарды түзүү иштерин кыска убакытта аягына чыгаруу тапшырмасы берилди.
3. Жарандарга кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезенин” иштөөсү, арыздарды кабыл алуу жана жообун даярдоо иш кагаздарын жүргүзүү электрондук тартипке өтүү менен сапаттуу тейлөө маселесин ишке ашырууну тез арада чечүү белгиленди. 
4. “CASA-1000”  долбоорунун аткарылышынын иш алкагында Өзгөн, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунун аймактарынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысынын мамычаларын орнотууда айыл чарба багытындагы пайдалануучу жерлерди трансформациялоо боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоодо мамлекеттик кадастр мекемелерине кечиктирилгис көмөк көрсөтүү талабы коюлду.
А.Токошев жыйында айтылган маселелердин аткарылышын, аймактык башкармалыктардын башчыларына жоопкерчилик менен карап, алгылыктуу иш алып барууга чакырды.
5-03-2021, 15:43
260 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.