Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Архитектура чемпион!!!

Архитектура чемпион!!!

 Ош шаарында «Жибек Жолу» аталышындагы (лига “Жибек Жолу”) футзал боюнча чемпионат болуп өттү.
 Чемпионат 2021-жылдын жыл аягында башталып, 2022-жылдын 6-мартында жыйынтыкталды.
 Чемпионатка жалпысынан 10 комманда катышып, 9 турдук жыйынтык менен ар бир команда топтогон тиешелүү упайларына ээ болушту.
 Белгилеп кетсек, “Архитектура” командасы 9 турдун жыйынтыгында эң көп упай топтоп, чемпионаттык жадыбалдын сап башынан орун алды.
 9 турдун жыйынтыгы менен 2 команда топтогон упайларынын жыйынтыгынан улам, чемпионаттын жүрүшүндөгү оюнга катышуу укугунан   ажырады. Ал эми, калган командалар кийинки финалдык баскычка өтүштү.
 Финалдык баскычта (1/4), “Арихтектура” командасы “Акфа Динамо” командасынын үстүнөн жеңишке жетишип, жолун улантышты.
 Андан кийин, жарым финалда (2/1) “Архитектура” командасы “Регион 02” командасын утуп, финалдык беттешке жолдомо алышты.
 Финалдык беттеште “Бакай Фонд” командасы менен кез келип, эсеп санын эске албаганда оюн аябай чыңалышкан маанайдагы атандаштык   менен орун алды.
 Жыйынтыгында, “Архитектура” командасы  “Бакай Фонд” командасын 8:1 эсеби менен ири айырмачылыкта утуп, чемпион аталышты!  
 Эске сала кетсек, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Башкармалыкта эмгектенген кызматкерлерин дени-   сак жашоого үндөп, спорттук иш чараларга (футбол, волейбол ж.б.) активдүү катышууга чакырып, жетиштүү деңгелде мүмкүнчүлүк түзүп,   колдоо көрсөтүп келет.
 Сүрөттөргө назар салабыз!
7-03-2022, 09:57
279 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.