Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош архитектурасы чемпион.

Ош архитектурасы чемпион.

Ош архитектурасы волейболдон женүүчү болду.

 

2019-жылдын 10-августунда Ыссык-Көл обласында болуп өткөн куруучулардын кесиптик майрамына карата спорттун волейбол жана кичи футбол түрлөрү боюнча уюштурулган спартакиадасында, Ош регионалдык архитектура башкармалыгынан куралган курама командалар катышып келди. Өлкөнүн бардык аймагынан келген куруучуларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитетура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Бөрүбаев Самат Нарматович кесиптик майрамы менен куттуктап, спартакиаданын башталыш аземин ачып берди. Иш менен спортту дагы айкалыштыра алып жүргөн куруучулар бирдиктүү спорттук кийими (форма) менен келишип мелдешке мыкты даярдангандыгы көрүнүп турду. Бул, кесиптик майрамда уюштурулган мелдештин негизги максаты куруучуларды достукка, биримдикке, тыгыз байланышта иштешүүгө жана дени сак болууга үндөйт.

Негизинен, мелдеш абдан чыналышкан атаандаштыктаөттү. Ош регионалдык архитектура башкармалыгынан барган волейбол командасы баардык атандаштарын артыкчылык эсеп менен женип, спартакиаданын женүүчүсү аталды.

Ал эми, Ош регионалдык архитектура башкармалыгынан кичи футбол  боюнча командасы бир канча атаандаштарынын үстүнөн ийгиликке жетип, негизги оюндардын биринде спартакиаданын женүүчүсү болгон үй ээлерине (Ыссык-Көл) азырак айырма менен утулуп калды. Белгилеп кетсек, мелдештин кичи футболдогу эн мыкты коргоочусу наамы Башкармалыктын кызматкери А.Самидиновго тапшырылды.

           Ош регионалдык архитектура башкармалыгы, куруучулардын кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн спартакиаданын уюштуруучуларына терен ыраазычылык билдирүү менен дагы бир жолу куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.
Ош архитектурасы чемпион.



14-08-2019, 14:58
1 838 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.