23-февраль.
23-02-2017, 07:30
Автор: admin
Ош шаарынын Башкы архитектору Ажимурат Жолдошов 23-Февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Кымбаттуу мекен коргоочулары!
Кадырман мекендештер!
Сиздерди мекен коргоочуларынын күнү - эрдиктин, каармандыктын жана ар-намыстын майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам мекенге берилип кызмат кылуунун символу катары көпчүлүккө белгилүү болуп калды.
Мекенге кызмат кылуу байыртан эле баркталып, бааланып келген. Аскердик адистиктин негизги мааниси – бул Ата Мекенибизди сүйүү. Андыктан Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөө – бул чоң сыймык.
Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жандили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!
Бул күн туулган жерге болгон сүйүүнүн жана ыйык милдет - Мекенди коргоонун жаркын майрамы болуп кала беришине тилектешмин!
Вернуться назад