Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын  Аюу-Сай айылындагы көчкүдөн жана Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга которуп берди. Табигый кырсыктан жабыркаган адамдардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына башкармалык кызматкерлери терең кайгыруу менен көңүл айтат. Мындан ары жергебизде ар дайым тынчтык орноп, кырсыктар кайталанбасын.

Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.
Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

Эске салсак, 29-апрелде таңга маал катталган жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында 7 турак үйдү басып калган. Окуядан 24 адам мерт кеткендиги аныкталган.

Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

Ал эми  Чоң-Алай районунда 3-майдан 5-майга чейин бир нече жолу күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Иликтөөдө 200 ашык үйдө майда жаракалар пайда болуп, айрым үйлөр жашоого кооптуу деп табылган. Айылда жалпы 100 чатыр тигилип, ага жүз үй-бүлөдөгү 717 адам убактылуу көчүрүлгөн. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында 7 баллага жеткен. Анын эпкини Кыргызстандын түштүк бөлүгүнө жеткен.

 

13-05-2017, 14:48
2 279 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.