Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.

Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Ош мэриясы тарабынан шаардагы ар кайсы кызматтардан түзүлгөн коммиссиялык топ иликтеп жатып билдирди.

Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймактык башкармалыгында 17 миңден ашуун эл жашайт. Жергиликтүүлөр жер тартыштыгынан улам, үлүшкө берилген жерлерди эч бир кызматтардын макулдугусуз эле, өз билимдик менен үй куруп жашап алышкан. Текшерүүчүлөр  мыйзамга туура келбеген үйлөр бузулаарын айтса, жашоочулар ага каршы пикирлерин айтып,  чуу чыгарууну көздөшөт.

Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык  үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.
Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык  үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.

17-январь  күнкү  текшерүүнү  Ош мэриясына караштуу Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы,  Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматы,  Экалогиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Жапалак айыл өкмөт өкүлдөрүнүн  катышуусунда уюштурган. Тийиштүү кызматтан үлүш  жерлерге үй салууга  уруксат  жок.  А бирок жашоочулар документ айыл өкмөт тарабынан берилип, үй салууга макулдук алышкандыгын билдирүүдө.

Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык  үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.
Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык  үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.

Жапалак айыл  аймагында караштуу Орке айылында да үлүш жерлерди мыйзамсыз ээлеп, эки 3 кабаттан там салган адамдар четтен чыгат.  Айылда советтер союзунда 7 гектар жерде тыт бак болгон. Ал жерлерди адамдар үлүш жер катары пайдаланып жүрүп, акыркы 7 жыл аралыгында үйлөр салына  баштаган. Коңшулар  бири бирин көрүп курулуш баштап жаткандыгы белгилүү. Бирок, алар өздөрүн мыйзам буздук деп эсептебейт.

Мыйзамсыз үй салып алган жарандардын көп чыгашасын жана муктаждыгын эске алып, айыл өкмөт башчылыгы жерди эл үчүн мыйзамдаштырып берүү сунушун жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолдоо алдында турат. Ал арада текшерүүчүлөр жашоочуларга мыйзамсыз курулуштарды курбоо керектигин  эскертип жатса, жаз келээри менен уруксаты жок курулуш курууга бел байлаган адамдар да чыкты.

Жапалакта 20дан ашык адам дыйканчылык  үчүн үлүшкө берилген жерлерге турак жай куруп алгандыгы аныкталды.

Жапалак айыл аймагында жалпы 13 айыл болсо, баарында мыйзамсыз курулуштар орун алган. Мыйзам бузуп үй салган адамдар маселесин шаардык прокуратура кызматы, мэрия алдындагы кызматтар  жакынкы күндөрү карап, үлүш жердеги үйлөр  сурдурулуп  калышы да ыктымал.  Азырынча иликтөө улантылып жатат.

17-01-2017, 18:37
3 567 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.