Ош шаарына көп кабаттуу турак жайлар курулууда
Ош шаарынын Ленин көчөсүнө көп кабаттуу турак жайларды жайгаштыруучу, эскиздик курулуш долбоору.
Ош шаарынын №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан Ленин көчөсүндөгү (А.Жунусов көчөсүнөн Мичурин көчөсүнө чейинки аралык)эскилиги жеткен курулуш имараттардын ордуна «АМАНАТ СИТИ» курулуш компаниясы тарабынан пландалып жаткан, жалпысынан 6 бөлөк (блок) 12 кабаттан турган турак имараттарды коммерциялык жайлары менен куруу каралууда.
Ош шаарына көп кабаттуу үйдөн турган квартал курулат
Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнө көп кабаттуу үй куруу долбоорлоонуда
Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №275 дарегиндеги жеке менчик жер тилкесине «Нурзаман групп» курулуш компаниясы тарабынан 9 (тогуз) кабаттан турган турак имаратты курууну долбоорлоодо.
Пландалып жаткан долбоорду Архитектуралык-шаар куруу кенеши карап бир топ талаптарды койду, анын ичинде жер төлөөдөн 2 (эки) кабаттан турган автоунаа токтоочу жайы менен куруусун сунушташты.
Ош шаарынын Салиева көчөсүнө көп кабаттуу үй куруу долбоорлоонуда
Ош шаарынын №4 «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Салиева көчөсүнүн №48 дарегиндеги жеке менчик жер тилкесине «Нурзаман групп» курулуш компаниясы тарабынан 12 (он эки) жана 14 (он төрт) кабаттан 2 (эки) блоктон турган турак имаратты төмөнкү кабаттарына соода дүкөндөрү жана көнүл ачуучу жайлары менен курууну долбоорлоодо.
Пландалып жаткан эскиздик долбоордо имараттын жер төлөөсүндө автоунаа токтоочу орун-жай каралган, андан сырткары балдар ойноочу жана ден-соолукту чындоочу аянтчалары менен курулат.
Ош шаарынын Коргон-Төбө көчөсүнөгү эски турак жайлардын ордуна 12 кабаттан турган турак имарат долбоорлоонуда.
Ош шаарына жеке турак үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулууда
Ош шаарынын №4 «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Коргон-Төбө көчөсүнүн №75, 77, 79 дарегинде жайгашкан жер тилкесине төмөнкү кабаттарында соода түйүндөрү, кенселери жана жер астында автоуна токтоочу жайларды (автопаркинг) камтыган, жалпысынан 12 (он эки) кабаттан турган турак имарат долбоорлоонуда.
Ош шаарынын түштүк бөлүгүнө көп кабаттуу турак жай курулат
Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүндогү №86м-1 дарегинде жайгашкан жеке менчик жер тилкесине «Эл-Насип» курулуш компаниясы тарабынан 9 кабаттан турган турак жай социалдык-коммерциялык жана турмуш-тиричилик объектилери менен долбоорлоонуда.
Ош шаары эски имараттардан арылууда
Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн Э.Алиев көчөсү менен М.Аматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эскилиги жеткен курулуш имараттардын ордуна «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясы тарабынан 10 кабаттан турган турак имарат соода дүкөндөрүменен долбоорлоонуда.
Ош шаарынын Анар кичи шаарчасына турак жай курулат.
Ош шаарынын батыш бөлүгү, көп этаждуу турак жайларды долбоорлоодон кур эмес!
Ош шаарынын №3 «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №217/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик жер тилкесине 9 кабаттан турган турак жайы долбоорлоонуда.
Ош шаарына өзгөчө көрүнүштөгү турак жай курулат.
Ош шаарында бардык шарты менен турак жай комплекси курулат
Ош шаарынын №3 «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Төлөйкөн кичи шаарчасынын №3Б дарегинде жайгашкан жеке менчик жер тилкесине 14 кабаттан турган турак жайды соода комплекси менен долбоорлоо.
Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №245/1 дарегине 14 кабаттуу имарат курулат.
Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №245/1 дарегине 14 кабаттуу имарат курулат.
АБА-ЫРАЙЫ:
КАЛЕНДАРЬ:
« Ноябрь 2024 » | ||||||
---|---|---|---|---|---|---|
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
1 | 2 | 3 | ||||
4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 |
25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |