Ош шаарынын күн чыгыш бөлүгүнө 12 кабаттуу турак жай комплекси долбоорлоонуда
1-06-2023, 08:46
Автор: beknazar06
Ош шаарынын №6 "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Касымов көчөсүнүн №306В дарегине 12 (он эки) кабаттан турган турак жай комплекси долбоорлоонуда. Долбоорлоонуп жаткан турак жай комплексинин төмөнкү кабаттары коммерциялык жана автоунаа токтоочу жайларга ылайыкташкан.
Кошумча белгилеп кетсек, жогоруда долбоорлоонуп жаткан көп кабатту турак жай комплексти курууга каралган аймактын түндүк тарабынан Ош шаарынын башкы планында Сүйүмбаев көчөсүнүн уландысы өтүүсү көргөзүлгөн (Ташкент көчөсү аркылуу өтөт). Бирок, аталган аймактын рельефи өтө ыңгайсыз (бийик) болгондуктан, Сүйүмбаев көчөсүнүн уландысы долбоорлоонуп жаткан "Салкын-Төр" турак жай комплексинин түштүк тарабына жылдырылууда.

Вернуться назад