DataLife Engine > Жаңылыктар > Шаар тазалыгы, улут жүзү.

Шаар тазалыгы, улут жүзү.


30-04-2016, 14:36
Автор: mondoloy
Бүгүн 23- апрелде Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын  кызматкерлери тазалыкка чыгышты. 

Шаар тазалыгы, улут жүзү.


Башкармалыктагы эмгек жамааты  А. Новаи эс алуу жайынын үстүндөгү  С. Супаналиев көчөсүндөгү унаа жолду тазалашты. Иш-чарада 10 жылга жакын убакыттан бери көчөнүн көркүн бузган тикенек дарактар буталды. Буга чейин жашоочулар өздөрү демилге көтөрүп тазалашкан эмес. 

Арыкка толгон таштанды жана ылайлар да алынды.  Топтолгон таштандыны алып кетүү боюнча шаардык архитектура башкармалыгы Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилигине 1 жума мурун кайрылган. 

Тазалык иш-чарасынын экинчи бөлүгүндө кызматкерлердин баары жол боюндагы дарактарды жана белгиленген сызыкчаларды актап-сырдап чыгышты. Эске салсак, мындай иш-чара Ош мэриясы жарыялаган 2 айлык тазалыктын алкагында ар жумада уюштурулат.  Ал Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы, башкы архитектор Ажимурат Жолдошовдун көзөмөлүндө жүрөт. 


Вернуться назад