DataLife Engine > Жаңылыктар > Мураталы Борбоев мезгилсиз дүйнө салды.

Мураталы Борбоев мезгилсиз дүйнө салды.


4-04-2016, 19:06
Автор: mondoloy
Белгилүү архитектор Мураталы  Борбоев 54 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.

 

Мураталы  Борбоев мезгилсиз дүйнө салды.


Борбоев Мураталы Маматканович 3-март күнү мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу  Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын эмгек жааматы үй-бүлөөсүнө,  жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Ош архитектурасынын ардактуу кызматкери  дүйнө салганы ага жакын болгон  инсандардын баарын кайгыга салды. Мураталы  Борбоев башкармалыкта акыркы 3 жылда жетектөөчү кызматтарда иштеп келген.Мураталы  Борбоев 1981-жылы Фрунзе атындагы Политехникалык институтунун "Архитектура” адистигине өтүп, окуусун ийгиликтүү бүтүргөн.  23-жылдан бери Ош шаарында өз кесиби менен иштеп, кадырлуу архитекторлордун катарында  турчу.
 
Борбоев Мураталы Маматкановичтин адамгерчилиги, эл үчүн  жасаган  жумуштары, элеси эч качан унутулбайт.


Вернуться назад