DataLife Engine > Жаңылыктар > Ж.Рамибеков көчөсүндөгү көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилет

Ж.Рамибеков көчөсүндөгү көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилет


1-12-2023, 14:10
Автор: beknazar06
Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, көчөнүн эки жээгин ар тараптан ирээтке келтирүү боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан бир топ иштер жасалууда.
Жасалып жаткан иштердин бири, бул жол боюндагы көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы келбетин бир түскө келтирүү жана ага улай эле коммерциялык обьектилердин көрнөк-жарнактарын заман талабына ылайык оңдо менен бир типтүү болуу талабы коюлган.
Ош шаардык архитектура башкармалыгы жогоруда айтылган көрнөк-жарнактарды ирээтке келтирүү жаатында эскиз долбоорун иштеп чыккан. 
Иштелген эскиз долбоорду шаардык тиешелүү кызматтар менен биргеликте жергиликтүү жарандарга жана обьект ээлерине таныштырып, жеринде түшүндүрүү иштерин алып барышууда.


Вернуться назад