DataLife Engine > Жаңылыктар > Биринчи Евразиялык архитектура, шаар куруу жана дизайн симпозиуму

Биринчи Евразиялык архитектура, шаар куруу жана дизайн симпозиуму


15-06-2023, 14:47
Автор: beknazar06
Бишкек шаарында курулуш жаатындагы учурда болуп жаткан иш аракеттер жана келечекке карай пландар боюнча симпозиум болуп өттү.
Аталган симпозиумга өлкөбүздүн архитектура башкармалыктарынан өкүлдөр катышып келишти.
Төмөндө аталган симпозиумдун жолдомосу (РЕЗОЛЮЗИЯСЫ).

2023-жылдын 25-27-майында И.Раззаков атьшдагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөрүлгөн Биринчи Евразиялык архитектура, шаар куруу жана дизайн симпозиумунун жолдомосу (РЕЗОЛЮЦИЯСЫ)

2023-жылдын 25-27-майында Бишкек шаарында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлгөн Биринчи Евразиялык архитектура, шааркуруу жана дизайн симпозиум аталган багыттар боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодогу билим беруу системасындагы актуалдуулугун көрсөттү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасында жана башка өлкөлөрдө архитектура, шааркуруу жана долбоорлоо ишмердүүлүгүндөгү практикалык көйгөйлөр эл аралык аянтчада катышуучулардын жана аталган тармакка окуган студентгердин, илимий кызматкерлердин жана практиктердин талкуусу менен катар пикир алмашуусунун предмети болду. Симпозиумга 20дан ашык университет, ошондой эле чет өлкөлөрдөн 30 дай шаардан өкүлдөр катышышты.
Симпозиумдун маанилуу аспектиси болуп калктуу конуштарда, шаарларда, облустарда, райондордо жана Кыргызстандын бардык аймактарында архитектура, шааркуруу маселелерин чечуу жолдорун издөөдө практиктер менен илимий жана чыгармачыл жаштардын кызматташуу жолдорун издөө каралды.
Ушундан улам Сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргыз Республикасындагы шааркуруунун, архитектуранын жана дизайндын айланасында топтолгон маанилүү көйгөйлөрүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз, атап айтканда, адистердин чыгармачылык жана практикалык ишмердүүлүгүнөн тышкары уюштуруу, башкаруу, координациялоо, көзөмөлдөө жана мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк органдары, ошондой эле архитектура жана шааркуруу тармагынын мекемелери тарабынан конкреттүү маселелер боюнча чечимдерди тийиштүү органдарын өз убагында кабыл алууга муктаждыгын белгилейбиз.
Сунушталган көйгөйлөрдү жана башка маселелерди чечүү боюнча ырааттуу иштерди уюштуруу зарылчылыгына Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз:
  1. Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана аймактык-мейкиндик өнүгүүсүн, айлана-чөйрөнү коргоону, экологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо-шарттарын жакшыртууну ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү Стратегиясына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү тууралуу» жана ченемдик-укуктук документгерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында шаарларды өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну сунуштайбыз, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук иреттүү-жайгаштыруу схемасынын долбоору; 
- аймактык иреттүү-жайгаштыруу схемалары жана райондук пландоо долбоорлору; 
- шаарлардын жана айылдын калктуу конуштардын шааркуруу документтери.
  1. Республиканын борборунун курч экологиялык абалына байланыштуу бүткүл Чүй өрөөнүн экономикалык аймагы менен бирдикте Бишкек агломерациясынын шаар куруу концепциясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу зарыл. Токмок, Кара-Балта, Кант сыяктуу шаарларга өндүрүштүк, билим беүү жана социалдык-маданий багыттагы көптөгөн функцияларды өткөрүп берүү менен гана келечекте анын аймактык жана сандык жактан өсүшүнө даяр эместиги өз учурунда Бишкектин келе жаткан экологиялык коллапсты алып келиши мүмкүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы укук ченемдик актыларына ылайык жаңы генералдык пландарына ылайык калктуу конуштардын жана шаарлардын, анын ичинде Бишкек шаарынын жаңы администрациялык-аймактык чек генпландарына ылайык атайын долбоордук негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыньш негизинде бекитиси зарыл.
  3. Кыргыз Республикасынын ”Административдик-аймактык тузулуш женундэ” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык 10 миңден ашык адам жашаган Кыргызстандын 40 тан ашык ири калктуу конуштарына шаар макамын берүү жөнүндө маселени кароо сунушталат.
  4. Кыргызстандын калкы үчүн, жашоо шартарынын негизин материалдарды түзүүдөгү архитектура тармагынын өзгөчөлүгүн жогорлотуп атайын мамлекеттик деңгелде маани берүү үчүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген жана Эл архитектору» ардактуу наамын кайтарып берип, жана жобо кабыл алууну сунуштайт.
  5. Аймактардын инженердик-транспорттук инфраструктурасын жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу менен укук-ченемдик, укук-техникалык жана пландоонун шааркуруу методдорун, жер участокторун өнүктүрүү жана массалык курулуш үчүн берүү эрежелерин акуталдаштыруу зарыл, ошондой эле шааркуруу ишмердүүлүгүндөгү чечимдеринин аткарылышы жана жоопкерчилик механизмдерин иштеп чыгуу керек.
  6. Архитектура-курулуш тармагында тиийштүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ишмердүүлүгүнн кайра карап чыгууну, анын ичинде аймактык органдарда чакан объектилердин, айрым шаарлардын чейин долбоорлоонун жана куруунун технологиясынын өзгөчөлүктөрүнө негиздеп, талапка ылайык актуалдаштырууну сунуштайбыз, бул болсо курулуш тармагын ырааттуу реформалоого мүүмкүндүк берет.
  7. Аймактардьж жана бүткүл өлкөнүн чек араларынын купуялуулугун эске алуу менен өкмөтүн деңгээлтнде тиешелүү калктуу конуштарды жана шаарларды топографиялык карталар жана пландар, геологиялык изилдөөлөр менен камсыз кылуу.
  8. Бишкек жана Ош шаарларынын шааркуруу башкаруусу менен түзүлгөн кырдаалды чечүү зарыл, анткени генералдык пландын сакталышы жана башка шааркуруу документтери боюнча жеке жоопкерчилик каралган эмес. Заманбап шарттарда шаарлардын бийлигинин деңгээлинде ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин системасын куруу, муниципалдык кызматкерлерди аймактык-мейкиндикти башкаруунун жана комплекстүү пландаштыруунун жана жалпысынан экологиялык коопсуздуктун эрежелерине үйрөтүү зарыл.
  9. Белгиленген маселелер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, кесиптик бирикмелердин, долбоорлоо жана курулуш компаниялардын, бизнес түзүмдөрдүн жана шаардык коомчулуктардын катышуусу менен бир катар тегерек столдорду өткөрүүнү сунуштайбыз. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында шааркуруу жана архитектура-курулуш тармактарында топтолуп калган көйгөйлөрдү ырааттуу чечүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча стратегиялык документтерди жана сунуштарды иштеп чьпууга мүмкүн болот, бул акыр аягында республикадагы калктын жашоо-шарттарын жана турмушун жакшыртууну аныктайт.
  10. Шаар куруу ишинин бардык субъекттери үчүн курулуштун, реконструкциялоонун жана долбоорлоонун түрлөрү боюнча архитектуралык долбоорлоо сынактарын уюштуруу кеңири жүзөгө ашыруу.
  11. Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш академиясынын ишмердүүлүгү кайра жандансын жана азыркы шарттарда жана өлкөнүн келечектүү өнүгүүсүндө Кыргызстандын архитектуралык-курулуш чөйрөсүндөгү теориялык жана илимий практикалык маселелерди чечүү боюнча иштерди активдештирүү.
  12. Кыргыз Республикасында архитектура, шааркуруу жана курулуш иши тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле эң ири объекттерди жайгаштыруу, өлкө үчүн стратегиялык жана маанилүү объектилерди долбоорлоо жана куруу маселелерин тапкуулоо үчүн бардык кызыктар тараптардын катышуусу менен, ошондой эле алдыңкы кесипкөй адистерди — архитекторлорду, шааркуруучуларды, долбоорлоочуларды, куруучуларды тартуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында коллегиялдуу консультативдик органды түзүнүү сунуш кылабыз.
  13. Кыргыз Республикасынын аймагында шааркуруу Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, шааркуруу документгери менен камсыз кылуу, укук-ченемдик базаны иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу үчүн шаар куруу боюнча илимий-изилдөө борборун (ИИБ) түзүүнү сунуштайбыз. ИИБ милдеттеринде архитектура жана шааркуруу тармактарындагы илимий-изилдөө иштери, ар кандай деңгээлдеги аймактык-мейкиндик долбоорлорун жана калктуу конуш системаларын иштеп чыгуу, шааркуруу документгерин пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү, укук-ченемдик жана техника-ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана жаңылоо, райондук жана шаардык архитекторлорду, архитектуралык-техникалык көзөмөл боюнча адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Биринчи Евразиялык архитектура, шааркуруу жана дизайн симпозиумунун катышуучулары И. Раззаков атындагы КМТУ
Бишкек ш., 27 —май, 2023-ж.
E-mail: kstu.kg тел.: 0312 56 15 52


Вернуться назад