DataLife Engine > Жаңылыктар > Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору коомдук талкууда

Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору коомдук талкууда


10-02-2023, 19:33
Автор: beknazar06

Долбоор боюнча кыскача маалымат.

Иштелип чыккан деталдык пландоо долбоору Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн 3500 гектар аянтын камтыйт, анда шаардын перспективалык кеңейүүсүнүн чек аралары чагылдырылган. 

Перспективада калктын саны – 360 800 адамга ылайыкташырылып эсептелген. 

3500 гектарды түзгөн борбордук бөлүктүн чек арасы төмөндөгү көчөлөр менен чектешет:

Көкүмбий, Батыш долбоорлонуучу көчө, Курманжан Датка, Касымбеков, И.Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу көчөлөр, Памир, “Ош-Пансионаты”, Увам каналы, Н.Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сүйүнбаев, №43 түштүк-батыш көчөсү, А.Мамыров, Б.Осмонов жана батыш долбоорлонуучу көчөлөрү. 

Ош шаарынын борбордук бөлүгү 7 турак жай аймактарга бөлүнгөн, алар: “С”, “СЗ”, “СВ”, “ЮЗ”, “В”, “Ю”, “З”. 

Ар бир аймактын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү долбоордун негизги жоболорунда берилген. 

Эскертүү: коомдук талкуу 2 айлык мөөнөттө Ош шааарынын мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын массалык маалымат каражатарынын сайтында турат. 

Эгерде, ПДП менен танышууда сайтта жайгаштырылган материалдар кимдир бирөө үчүн жеткиликтүү болбосо, анда Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын имаратына келип жакындан таанышып алганча мүмкүнчүлүк бар. 

Аны менен бирге, ПДП боюнча кандайдыр бир ой-пикирлер жаралып, суроолор болсо тактоо үчүн тел.(03222) 5-57-45, 4-85-37 номерлерге байланышсаңыздар болот.


ПДП боюнча жеткиликтүү толук маалымат тиркемеде:

https://cloud.mail.ru/stock/cdsgRVJDMKH9W15jJaErZqni/



 


Вернуться назад