DataLife Engine > Жаңылыктар > Кара-Суу району менен чектеш аймактар боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер

Кара-Суу району менен чектеш аймактар боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер


18-01-2021, 15:49
Автор: beknazar06
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен аймактардагы курулуш-орнотмолорду иретке келтирүү боюнча атайын иш график бекиткен.
Бекитилген иш графиктин негизинде, шаардык жана райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймактары боюнча иш алып барышты.
Иштин алкагында:
· Өз билемдик менен эч кандай уруксат иш кагаздарын албастан, ар кандай багыттагы объектилерди куруу-орнотуу жана тиешелүү курулуш-эрежелерин сактабастан ишмердүүлүк жүргүзүү туура эместиги.
· Объектилердин сырткы көрүнүштөрү эскилиги жетип талапка жооп бербегин оңдоп-сырлоодон өткөрүү.
· Жөө адамдар жүрүүчү жолду (тротуар) тоспо.
· Эскилиги жеткен көрнөк-жарнактарды жаңылоо, иреттөө.
· Жол боюна таштанды топтобоо ж.б.у.с.
Айтылган бир канча терс көйгөйлөрдү жоюу жана болтурбоо жөнүндө жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ош шаарына келген конокторго жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү, иретсиз көрүнүштөрдөн арылуу үчүн шаар менен чектешкен райондук аймакта жашаган тургундарды жогоруда айтылган көйгөйлөрдүү болтурбоого чакырабыз!


Вернуться назад