DataLife Engine > Жаңылыктар > Архитектура кызматкерлери жергиликтүү аймактык башкармалыктын өкүлдөрү менен жол боюнчадагы иретсиз көрүнүштөр боюнча иш алып барууда

Архитектура кызматкерлери жергиликтүү аймактык башкармалыктын өкүлдөрү менен жол боюнчадагы иретсиз көрүнүштөр боюнча иш алып барууда


21-05-2021, 14:28
Автор: beknazar06
    Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары (МАБ) менен биргеликте Ош шаарынын аймагында өз билемдик менен курулуп жаткан ар-кандай багыттагы курулуш орнотмолорду болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш график түзгөн. 
    Түзүлгөн иш графикке ылайык Башкармалыктын адистери аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте жеринде рейдке чыгып өз билемдик менен курулган, сырткы көрүнүштөрү эскилиги жеткен жана жөө адамдар жүрүүчү жолго соода-сатык кылып жаткан ж.б.у.с. көйгөйлөр боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүшүдө. 
     Аталган график менен түзүлгөн иш чаралар, аймактык башкармалыктар менен биргеликте ар дайым жүрүп турмакчы.



Вернуться назад