DataLife Engine > Жаңылыктар > 9- май Жеңиш майрамыңыздар менен!

9- май Жеңиш майрамыңыздар менен!


8-05-2017, 14:10
Автор: mondoloy

Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайт!

9- май Жеңиш майрамыңыздар менен!

9-май Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын өлбөс-өчпөс эрдигин, элдердин аскердик даңкы жана эмгек каармандыгынын тарыхый биримдигинин символу катары белгилүү. Жылдан жылга биздин арабыздан саны суюлуп алыстап бараткан согуштун ардагерлерине терең таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерип ар дайым урматтайлы.

Кадырлуу согуштун ардагерлер, ажал отун кечип, биздин келечегибиз үчүн өз өмүрүңүздөрдү аябаганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем! Кан майданда көптөгөн аталарыбыз согушта жүрүп өз өмүрүн кыйып, өз мекенине кайтпай калган. Алардын элесин эскерип туруу ар бир Кыргызстан жарандарынын милдети деп эсептейм.

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө дем берет. Басып өткөн даңктуу жолуңуздар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү болуп келүүдө. Улуу Жеңиш күнүндө сиздердин эрдигиңиздерге дагы бир ирет таазим кыламын! Ар дайым бар болунуздар!

Согуш ардагерлерине, катышуучуларга чың ден-соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм. Ата-Мекенибиз гүлдөп өсө берсин!

 


Вернуться назад