Мыйзамсыз жер ээлөөгө жол жок.
4-04-2016, 19:45
Автор: mondoloy
Ошто өз аймагынан сыртка чыгып, мыйзамсыз жер ээлеп алган адамдар.
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы ,бүгүн калаа аймагындагы Достук 2 аймактык кеңшиндеги Водовозный көчөсүндөгү жашоочулар мыйзамсыз жерди ээлеп, эки кабат үй салып алгандыгына текшерүү тобунун мүчөлөрү күбө болду. Ага карап кошуналары да жолго деп чегерилген жерди коруктап алышкан. Ал эми үйүнөн чыккан саркынды суу Ак-Буура дарыясына кошулуп жаткандыгы аныкталды. Бул мыйзамсыз жерди ээлеп, жолду тарытып жаткан жашоочуларга аймактагы тургундар да нааразычылыгын билдирди.
Мыйзамсыз жерди ээлеп алган жарандар Ош шаарында көп. Бирок, соңку күндөрү Ош шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолго чейин чыккан тосмолор алынууда
Вернуться назад