DataLife Engine > --- > Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы туралуу маалымат.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы туралуу маалымат.


28-02-2016, 17:19
Автор: admin
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы мамлекеттик башкаруу системасындагы Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу тармагы боюнча иш алып бара турган ишкана болуп эсептелинет.

Азыркы мезгилде бекитилген ишкананын түзүлүшүнө ылайык, Башкармалыкта 10 бөлүм, 1 башкы адис, 1 сектор, юрист, кадрлар боюнча инспектор, эки жетектөөчү адис жана башчынын 2 орун басарлары иш алып барат, жалпы саны штат боюнча 74 адамды түзүп, азыркы убакта факт боюнча 92 адам эмгектенет.

Башкармалык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча Мамлекеттик агенттигинин 2004-жылдын 6-февралындагы №39 жана 2004-жылдын 25-августундагы №107 буйруктарынын негизинде чарбалык ыкма менен иш алып барат. 

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жарандардын кайрылуулары менен иш алып барууну жакшыртуу» жөнүндөгү Указынын жана башкармалыктын өздүк документтер менен иштөө тартибине ылайык иш жүргүзүлөт.
 
скачать dle 10.6фильмы бесплатно

Вернуться назад