Архитектура Ош » Башкармалыктын жалпы бөлүмү.

Башкармалыктын жалпы бөлүмү.

Башкармалыктын жалпы бөлүмү негизинен Өкмөттүк программа менен иш алып барат. Тактап айтканда «АСКИД» программасы Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган.

 
 
Башкармалыкка келген иш-кагаздар компьютерде «Аскид» пограммасында үзгүлтүксүз катталат, ал эми чыккан иш-кагаздар чоң көлөмдө болгондугуна байланыштуу журналдарда жана  «Аскид»  программасында  үзгүлтүксүз катталат.

Башкармалыктын жалпы бөлүмүнө жана Бирдиктүү  терезе бөлүмүнө келип  түшкөн ар бир документ өз убагында катталып, тиешелүү бөлүмдөргө аткаруу үчүн, ошол замат өткөрүлүп берилет. Келип түшкөн иш-кагаздардын аткаруу тартиби белгиленген тертипте  жүргүзүлөт.

Иш-кагаздардын аткаруу тартибин көзөмөлдөө ар бир кызматкерге персоналдык түрдө жүктөлгөн жана жоопкер, башкача айтканда ар бир кызматкер  «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тааныш жана функционалдык милдеттеринде жазылган.

Ал эми Ош шаарынын жарандары менен түздөн-түз иштөө максатында Башкармалыктын башчысында ар жуманын шаршемби, бейшемби күндөрү, башчынын орун басарында ар жуманын шейшемби, жума күндөрү жеке кабыл алуулар уюштурулган. 

Бөлүм менен байланышуу:   тел. 5-59-63

28-02-2016, 17:25
16 005 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.
КОММЕНТАРИИ
1