DataLife Engine > Жаңылыктар > Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайт

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайт


14-06-2018, 16:46
Автор: mondoloy

 

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайт

 Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык майрамы эсептелген Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Орозо кармаган бардык мусулмандарга орозоңуздар кабыл болсун демекчимин.

Бул ай орозо туткандар үчүн чоң сыноонун айы болду. Адал эмгекке, ак тилекке, аруулукка ыйык Рамазан айы элди асыл сапатка бурду. Орозо-айт майрамынын бир өзгөчөлүгү адамдарды бири-бирине жакындатып, биримдикке өбөлгө түзөт. Ушул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык. Ак тилегин билдирип "айт-маарек" деп айтып келген ар бир кишиге арналып дасторкон жайылып турат.

Сиздерге тынчтык жана ынтымак- ырашкерлик каалаймын! Жараткан ар бир үйгө ачык асман, береке, жарык шоола, ыйман, токчулук берсин!

Жалпыңыздардын айтыңыздар маарек болсун!


скачать dle 10.6фильмы бесплатно

Вернуться назад