DataLife Engine > Жаңылыктар > Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.


14-04-2016, 17:09
Автор: mondoloy
Ошто жыл башынан бери жеке менчик турак жайлардын мыйзамсыз курулгандыгы аныкталган 3 үйдү сот карап жатат. 

 

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.

 
Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы 2016-жылдын биринчи кварталындагы атайын бекитилген пландын негизинде аткарылган жумуш боюнча журналистерге маалымат берип жатып билдирди. 

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы 8-апрелде  3 айдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын уюштурду. Анда башкармалыкта жыл башынан бери аткарылган жумуштар айтылды. Анда жарандар жеке менчик турак үйлөрүн эч бир мамлекеттик кызматтардын уруксаты жок эле тегерете коруктап алган фактылар көп кездешкен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тыгыз иш алып барылган.
 

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.


Маалымат жыйындан соң, сөз курлай болбосу үчүн жеке менчик турак үйлөрдүн мыйзамсыздыгын башкармалык кызматкерлери жеринде ачыктады.
 
ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун тегеретесинде 560 курулуш бар. Алардын канчасы мыйзамдуу жана качасы мыйзамсыз экендигин аныктаган топ дале иш жүргүзүүдө. Сулайман- Тоонун 137 гектар жер аянты ЮНЕСКО тизмесине 2009-жылы кирип, корукка алынган. Бирок азыркы күнгө чейин мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик акт бериле элек. Тоонун балансында болсо 78 гектар гана жер бар. Калган бөлүгү кандайдыр бир себептер менен менчикке өткөндүгү божомолдонот. 

Бул боюнча Сулайман-Тоо музейи тарабынан бир канча иш сотко да өткөрүлгөн. А негизи корукка алынган аймакты эч ким менчиктештирүүгө укугу жок. Өкмөттүн токтому менен шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы Сулайман-Тоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды ушул жылдын февраль айынан бери аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кээ бир түү жашоочулар да туура түшүнүп, курулуштарын, тосмолорун жылдырып баштады. Айрым тургундар курулуштарын жылдырбоо аракетин көрүп келет.
 

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.


Ал эми, Достук 2 аймактык кеңшиндеги Водозаборная көчөсүндөгү жашоочулар мыйзамсыз жерди ээлеп, эки кабат үй салып алгандыгын башкармалыктын кызматкерлери иликтөөгө алган. Натыйжада 4төн ашуун үйдүн жашоочулары бири-бирине атандашып, эл жүргөн унаа жолго чейин чыгып кетишкен. А мындай көрүнүш жолду тарытып, ары бери өтүүгө ынгайсыздык жараткан.
 
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын берген маалыматына караганда жашоочулар ээлеген жердин кызыл китеби да, эч бир кызматтан жашоого мүмкүн деген кагазы да жок.
 

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.


Чуулуу маселени Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы карап, өз чечимин чыгарып, тйиштуу органдарга өткөрүп берди. Жыл башынан бери жеке менчик турак үйлөдүн мыйзамсыздыгын аныктаган 3 үйдү сот карап жатат. Жана да мыйзамга ылайык келбеген 7 үй Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Ал эми башкармалык өткөн жылы жеке менчик турак үйлөрдүн мыйзамсыз курулушун бузуу үчүн 7 ишти сотко өткөрүп, 2 иш боюнча сот бузулсун деп чечим чыгарган.

Водозаборная көчөсүндөгү жашоочулар өзүнө бөлүнгөн жерден сырткары, кошумча жол тарапка чейин тосуп алган. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ал эми алардын үйүнөн чыккан саркынды суу аймактагы көчөнү каптап, Ак-Буура дайрасына кошулат. Бул маселеге да Ош шаардык архитектура башкармалыгы жыл башынан бери күжүрмөн иш алып барып, суу булгаган жашоочуларга бөгөт койду. 
  

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.

 
Мындан тышкары, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын расмий сайты алгачкы жолу ишке түштү.  
  
Эми мындан ары башкармалыктын сайты эл менен түз байланыш түзүп, коодук пикирди жеринен угат. Андыктар жарандар тийиштуу сунуш, койгой, маселелерин сайт аркылуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  
 

Ош архитектурасы 3 ай жыйынтыгын чыгарды.



Вернуться назад