DataLife Engine > Жаңылыктар > Жергебизде Нооруз.

Жергебизде Нооруз.


4-04-2016, 19:33
Автор: mondoloy
Ош шаарынын башкы архитектор Ажимурат Жолдошовдун «Нооруз» майрамына карата куттуктоо сөзү.

 

Жергебизде Нооруз.


"Ардактуу мекендештер, калайык-калк!

Сиздерди чын дилимден Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атыман элдик «Нооруз» майрамыңыздар менен куттуктайм!

"Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Ата-бабаларыбыз бул майрамды бекеринен тандап алган эмес. Бул майрам күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарарын белгилейт. Ошентип, бабаларыбыз караңгы түндү жарык жеңет деп майрамдачу. 

Урматтуу мекендештер! 
"Нооруз” майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы болууга тийиш.
Бул майрамды көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп адатын, рухий дөөлөтүн руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканында десек болот. Нооруздун келиши менен Ала-Тообуз көрктөнүп, элибиз шаңданып салтанаттуу түрдө куттуктоо айтып, жакшылыкты тилегени, наркыбызды сактап улутубуздун улуулугун улаганыбыздын белгиси.

Кыргыз эли эзелтен бул майрамда жердин жанданышын шаан шөкөт менен майрамдап, жаңы жыл берекенин жылы болсун деп, аш бышырып, сүмөлөк даярдашкан.

Деги эле Орто Азияда жашаган элдердин баары бул күндө сүмөлөк бышырышат.
Жадыраган жаз күнүндө тосуп жаткан ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин!

Нооруз бизге бейпил, берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин, жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун!


Вернуться назад