DataLife Engine > Жаңылыктар > Тажылуу вирустун алдын алуу

Тажылуу вирустун алдын алуу


23-03-2020, 17:01
Автор: beknazar06

Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы адамзаттын тынчын алып жаткан, учурдун көйгөйү болгон тажылуу вирустун (коронавирус) жайылуусун алдын алуу жана кызматкерлердин, келген жарандардын ден-соолугуна кам көрүү максатында, 2020-жылдын 19-март күнү жумуш орундар менен жарандарды кабыл алуучу Бирдиктүү терезе бөлүмүн дезинфекциялоодон өткөрдү. Дезинфекциялоо иши Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (СЭС) менен макулдашылган, ыктыярчылар тарабынан жүргүзүлдү.

Андан сырткары, башкармалыктын кире беришине тиешелүү антисанитардык заттар орнотулуп, тийиштүү эскертме белгилери жайгаштырылган. Башкармалыкка келген жарандар менен кызматкерлерди карантиндин талабын так аткаруу жана имаратка кирип-чыгуусу боюнча атайын график түзүлүп, кызматкерлер тыныгуусуз нөөмөттө (дежурство) турушат.

Ал эми, 2020-жылдын 22-мартынан тартып өлкө боюнча «өзгөчө кырдаал» киргизилгендигине байланыштуу Архитектура жана курулуш тармагына тиешелүү маселелер же суроолор боюнча жарандардын кайрылуусу үчүн Башкармалыктын тиешелүүкызматкерлеринин атайын бекитилген ишеним телефондору көргөзүлүп, Башкармалыктын сайттына жайгаштырылды.

 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу
 Тажылуу вирустун алдын алуу

Вернуться назад