DataLife Engine > Жаңылыктар > Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.

Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.


15-01-2020, 13:40
Автор: beknazar06


Бүгүн (14.01.2020), Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата алдыда жасала турган долбоорлор боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов, Шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы А.Пирматов жана аталган бөлүмдүн адиси Э.Кармышаков катышты.

Жыйында, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Токошев башкармалык тарабынан 1 жылдын ичинде аткарылган жумуштар боюнча маалымат берди жана жасалган кээ бир жумуштарыбыз слайд түрүндө чагылдырылды.

1 жылдык аткарылган жумуштардын маалыматын уккан Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов иш болгон жерде кемчилдик да болбой койбойт деп өз билемдик менен курулган курулуштарды болтурбоого, чар-жайыт илинген көрнөк-жарнактарды ирээтке келтирүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууну жана үстүбүздөгү жылда курулуш чөйрөсүндөгү кемчилдиктерди жоюга чакырды. Андан сырткары, 2019-жылы жасалган бир топ алгылыктуу жумуштарга Архитектура башкармалыгынын салымы чон экендигин белгилеп, үстүбүздөгү жылы Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, шаар тургундарынын суу жээктеп эс алуусуна өзгөчө шарттарды түзүү үчүн даярдалган долбоордун ишке ашырылышына Архитектура тармагынын тыгыз көмөктөшүүнү белгилеп өттү.

Ал эми, Шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы А.Пирматов Ош шаарындагы өз билемдик менен курулган жана убактылуу орнотулган орнотмолорду ирээтке келтирүүдө жыйынтыктуу иш жүрүп жаткандыгын айтып, 2020-жыл ичинде дагы ар бир жасалып жаткан жумушка активдүү катышууну жана шаар мэри Таалайбек Насирбековичтин шаардын тургундарына ынгайлуу шарттарды түзүүнү, шаарыбызды өсүп-өнүктүрүүдөгү алдыга койгон пландарын ишке ашырууда талыкбай эмгектенүүбүздү билдирди.

Жалпысынан, 2019-жыл Башкармалык үчүн жемиштүү жылдардан болду.

Кыскача токтоло кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековтун "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык жарандарга ынгайлуу шартта кызмат көрсөтүү үчүн "Бирдиктүү терезе” бөлүмү ондоп түзөөдөн өтүп, заманбап оортехникалар менен камсыздалып жаны орун жайда жарандарга ынгайлуу шартта кызмат көрсөтүлүүдө. Иш кагаздарды жүгүртүүдө шаардык тиешелүү кызматтарына (СЭС, ООС, УГПС жана инженердик техникалык) сурамжылоо каттарды жөнөтүү жана кабыл алуу иштери электрондук форматда жүрүп, адамдык факторлордун же убаракерчиликтердин кыскаргандыгы бул санариптештирүүнүн жемиши десек болот.

Ош шаарынын мэриясынын алдында деталдык пландоо долбоору (ПДП) боюнча атайын жумушчу комиссия түзүлүп иштелип жаткан деталдык пландоо жумуштары алдыга жылдырылды. Деталдык пландоо долбоорун (ПДП) 2020-жылдын 1-кварталында бекитүү пландалууда. Андан сырткары, Ош шаарынын аймагынан аралап откон 3 техтоникалык жаракалар боюнча конкреттүү жумуштар жасалып, алардын жайгашкан орду боюнча так координаттары такталды. Ош шаарынын башкы планында көрсөтүлгөн тарыхый борборун реконструкциялоо боюнча "Кыргызреставрация” илимий изилдөө долбоорлоо институту тарабынан концепция иштелип ЮНЕСКОнун атайын комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Курулуш тармагында, социалдык обьектилерге, көп кабаттуу турак жана коммерциялык имараттарды, өнөр-жай жайларды, жолдорду реконструкциялоо, жөө адамдар жүрүүчү жолдорду ачуу, сейил бактарды калыбына келтирүү жана куруу, эски турак жана турак эмес имараттардын сырткы көрүнүштөрүн сырлоо, коммуникацияларды тартуу жана башка бир топ долбоорлордун архитектуралык иш кагаздары даярдалып берилди.

Айтор, заман талабына ылайык шаарыбыздын кооз жана ирээттүү болусу талашсыз. Ошондуктан, шаарды кооздукка бөлө жана ирээтке келтирүү үчүн өз билемдик менен курулган курулуштарды болтурбоо же уруксаты жок курулуштарды жүргүзбөө үчүн жарандарга түшүндүрүү жана чар-жайыт илинген көрнөк-жарнактарды ирээтке келтирүү боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүү улана бермекчи.

Ал эми, 2020-жылды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун "Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган жарлыгына ылайык – Ош шаарынын башкы планынын негизинде Башкармалык тарабынан иш пландар түзүлүп, курулуш тармагында бир топ алгылыктуу жакшы иштерди жасоо аракетиндебиз.

Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.
Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.
Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.
Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик тармагындагы мекеме-ишканалардын 2019-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болду.

 

 

 

 


Вернуться назад