DataLife Engine > Жаңылыктар > Ош шаарындагы “Ак-Буура” дарыясынын жээги таанылгыз жайга айланат

Ош шаарындагы “Ак-Буура” дарыясынын жээги таанылгыз жайга айланат

23-12-2019, 19:21
Автор: beknazar06
 
        Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековтун "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык өлкөбүздүн экинчи борбору болгон ордоолу Ош шаарында бир топ көзгө басаарлык курулуш долбоорлоору ишке ашууда жана бүгүнкү күндө дагы токтоосуз уланууда десек туура болот. Алардын бири катары же тарыхта, келечек муундардын эсинде кала турган долбоор бул – шаарыбыздын так ортосунан орун алган ыйык Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, шаар тургундарынын суу жээктеп эс алуусуна өзгөчө шарттарды түзүү болуп саналат.

        Аталган долбоорду ишке ашырууну Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик денгээлде көтөрүп, тиешелүү шаардык кызматтарга токтоосуз жана үзгүлтүксүз иш алып баруу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

        Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын (топографиялык чиймеси, эскиз долбоору, архитектуралык–пландоо шарттары, инженердик-пландоо шарттары) өз убагында, белгиленген буюртмачыга даярдап бергендигин белгилейбиз.

        Ал эми пландалып жаткан долбоор боюнча айтып кетсек:

Бекитилген Ош шаарынын башкы планына ылайык, аталган аймак жашыл аймак болуп каралган.

Сунушталып жаткан эскиздик долбоорду үч этапка бөлдүк.

- Биринчи этап, А.Навои көчөсүнөн тартып Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралык.

-Экинчи этап, Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралык.

-Үчүнчү этап, Нурматов көчөсүнөн Бахапов көчөсүнө чейинки аралык.

Ондоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймактын жалпы узундугу болжолдуу 5400,0 метрди түзөт, биринчи этап 1300 метр, экинчи этап 1600 метр ал эми үчүнчү этап 2500 метрди түзөт.

Биринчи менен экинчи этапты Биз сейил зонасы деп атап койдук, себеби ал жерде Навои жана Токтогул паркы жайгашкан, көлөкө сейилдегенге ынгайлуу шарттар бар.

Үчүнчү этабын жашыл зона деп атадык тактап айтканда ландшафдык - рекреациялык аймак болуп саналат. Дарыянын жээгин ондоп түзөө, жакшыртуу, ландшафдык кооздукту сактоо, жээктерин бекемдөө, экологиялык таза шартта шаар тургундарына эс алуусуна шарттарды түзүү болуп саналат.

       Эскиздик сунушта «Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандырууда жана көрктөндүрүүдө» беш долбоор бар:

1. Жээктеги экосистеманын абалын жакшыртуу.

2. Табият менен тыгыз байланышта болуу.

3. Шаардын эстетикалык абалын жакшыртуу.

4. Айлана-чөйрөүчүн шарттарды камсыз кылуу.

5. Туризмди өнүктүрүүжана эс алуучу иш-чараларды уюштуруу.

Эскиздик долбоордоо суу жээгинин сактоо дубалын табигый таш менен куруп орнотуу, тепкичтерди-отургучтарды дарыянын көрүнүшүнө ылайык орнотуу, жөө жүрүүчү жолдордуу табигый таштан төшө жана аймакты жогоркуу денгээлде көрктөндүрүү сунушталган.

       Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү эле эмес жөө адамдар жүрүүчү жол, вело жол кичи архитектуралык формалар көрсөтмө павильондорду куруу иштери камтылат.

       Жогоруда айтылып кеткен сунуштарды жана долбоорду ишке ашыруу өтө чон талыкбаган мээнетти талап кылат. Себеби, долбоордо каралып жаткан аймакта дарыянын корук аймагынан бир топ курулуштарды жана женил орнотмолорду мыйзам чегинде белгиленген тартип менен бошотуу.

       Жакынкы күндөрү, көнүл буруусуз калган Ак-Буура дарыясынын ондоп-түзөөдөн  өткөн абалына жана  эс алуучу өзгөчө кооз жайга айлана турганына күбө болобуз деген ишеничтебиз!

Вернуться назад