DataLife Engine > Жаңылыктар > Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады


24-06-2017, 13:13
Автор: mondoloy

Ош шаарынын башкы архитектору  Жолдошов Ажимурат Кубатбековичтин  куттуктоосу  төмөндө.

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады

Урматтуу  кыргызстандыктар!

Кадырман  мусулмандар!

Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык майрамы эсептелген Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Орозо кармаган бардык мусулмандарга орозоңуздар кабыл болсун демекчимин.

Бул ай орозо туткандар үчүн чоң сыноонун айы болду. Адал эмгекке, ак тилекке, аруулукка ыйык Рамазан айы элди асыл сапатка бурду. Орозо-айт майрамынын бир өзгөчөлүгү адамдарды бири-бирине жакындатып, биримдикке өбөлгө түзөт. Ушул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык. Ак тилегин билдирип "айт-маарек" деп айтып келген ар бир кишиге арналып дасторкон жайылып турат

Кадырлуу мекендештер

Сиздерге тынчтык жана ынтымак- ырашкерлик каалаймын! Жараткан ар бир үйгө ачык асман, береке, жарык шоола, токчулук берсин

Айтыңыздар маарек болсун!

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады


 

 


Вернуться назад